Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылга карата иш планы 
Кыргызча Русский
 
Официальный сайт
Майлуусуйского городского кенеша депутатов
Главная Аппарат Горкенеш О городе Вакансии Контакты

Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылга карата иш планы

БЕКИТИЛГЕН
Майлуу-Суу шаардык кеңештин
2015-ж. 17-апрелиндеги сессиясынын
№12-7-1 Токтому менен

Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылга карата иш планы

Аткарыла турган иштер Аткаруу мөөнөтү Жооптулар
I Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер
1 Шаардык кңештин жана туруктуу коммиссиялардын 2015-ж. карата иш пландарын кароо жана бекитүү жөнүндө 1-квартал Жооптуу катчы, Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары
2 “Майлуу-Суу шаарынын 2014-жылындагы бюджетин аткаруусу жөнүндө” 1-квартал Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия
3 “ 2015-жылга бюджетти бекитүү жана 2016-2017-жылдарга прогнозу жөнүндө” 1-квартал Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия
4 2015-ж. Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө 1-квартал Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия
5 2014-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча мэрдин отчёту 2-квартал Майлуу-Суу шаарынын мэри
6 Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын аткарган иши жөнүндө отчёту 2-квартал Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия
7 Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жана ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө ишмердүүлүгү жөнүндө 2-квартал Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия
8 Шаардын тазалыгын жана көртөндүрүү маселелери боюнча шаардын аймагында мекеме ишканалардын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жөнүндө 2-квартал Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия
9 2015-жылдын 1-жарым жылында киреше бөлүгүнүн аткаруусу жөнүндө 3 -квартал Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия .
10 Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2015-жылдын 6 айлык боюнча отчёту 3-квартал Майлуу-Суу шаарынын мэри
11 Шаардык билим берүү бөлүмүнүн объектилеринин жаңы окуу жылына карата көргөн даярдыгы жөнүндө 3-квартал Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия
12 Шаардын саламаттыкты сактоо мекемесинин иши жөнүндө 4-квартал Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия
13 2015-2016-ж. күз-кыш мезгилине коммуналдык мекемелердин көргөн даярдыгы жөнүндө 4-квартал Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия .
14 Шаардык аксакалдар сотунун аткарган иштери жөнүндө 4- квартал Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия
15 Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отчёту 4- квартал Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары
II Практикалык иш чаралар
1 Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жана шайлоочуларды кабыл алуу График боюнча Депутаттык фракциялар, партиялардан шайланган депутаттар
2 Сессияда карала турган маселелерди жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо Иш планы боюнча Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты
3 Шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышын жерине чыгуу менен көзөмөлдөө Ай сайын Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты
4 Маанилүү маселелер боюнча калк арасында коомдук угуларды уюштуруу Зарыл болгондо Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты
5 Иш планында белгиленген маселелерди өз убагында кароо Ар дайым Туруктуу депутаттык комиссиялар
6 Башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга, тегерек столдорго активдүү катышуу Чакыруу боюнча Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты
7 Ар бир иш сапардан кийин, анын жыйынтыгы боюнча отчет даярдап тапшыруу Дайыма Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты
8 Шаардык кеңештин депутаттарынын билим дэңгелин жогорулатуу максатында, тиешелүү адистерди чакыруу менен депутаттык окууларды өткөрүү Зарылдыгына жараша Шаардык кеңештин аппараты
9 Шаарда өткөрүлгөн массалык маданий, спорттук ши-чараларга активдүү катышуу Ар дайым Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты
10 Сессияга даярдалган документтерди өз убагында көбөйтүп, депутаттарга жеткирүү Ар дайым Шаардык кеңештин аппараты
11 Сессиянын жүрүшүндө айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды жалпылоо жана аларды аткаруу үчүн шаардык мэрияга жана тиешелүү мекемелерге жөнөтүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө Ар сессиядан кийин Шаардык кеңештин аппараты
12 Шаардык кеңеш кабыл алган токтомдорду жана алардын аткарылышы туралуу маалыматтарды шаардык кеңештин вэб-сайты аркылуу калкка жеткирип туруу Ар дайым Шаардык кеңештин аппараты
13 Шаардык кеңешке келип түшкөн каттардыарыздарды жана башка документтерди өз убагында каттоо кароо жана аткаруу, ошондой эле жообун кат, арыз ээлерине билдирип туруу Ар дайым Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты